Мен сенин көзүңөн таптым бактымды
Карегиңден келечегим менин
Карегиңдин так так так так так ортосунда
Бактылуу убак узакка созулган
Сени кубанткан максат менин жоонумда
Жүктөлбөй жеңилдей келем түгөйүң болоорума
Ар бир көз ирмем, бири бирибиздин күнөөлүү кездерибизди кечирген
Бипбирдей сен мендей, мен сендей
Ажырагыс жалгыз калгыс жанбыз кербендей
Мен сенин көзүңөн таптым бактымды
Карегиңден келечегим менин
Түн болгон өмүрүмө жарык берип шам жактыңбы?
Каралдым менин көңүлүмдүн данегин табып чактыңбы?
Мен сени табам деп ойлогон эмесмин түшүмдө кана көрүп эй
Мен сага жагам деп ойлогон эмесмин
Азыр жубайымсың бир бүтүнбүз эч ажырагыс
Айырмасыз күнбү-түнбү калтырбайм сени жалгыз
Жашоомдун эң негизги байгесисиң
Жашоонун даамын бир уурттап
Бир сенден бактымды тапкам
Мен сенин көзүңөн таптым бактымды
Карегиңден келечегим менин
WRITERS
Жан Култогоров, Адил Тамашаев, Бакытбек Сапарбеков, Маданбек уулу Бегалы, Infinity Music