Бир болуу жазбаса кантели
Өткөнгө кылчайып өкүнбөйм
Мен сага болгону кечир дейм
Экөөбүз өткөргөн күндөрдү
Эч качан жаман деп өчүрбөйм
Канчалык жүрөгүм каалабасын
Бир күнү бирөөгө жанашасың
Ошондо сен мени ойлондуруп
Канчалык жүрөгүм каалабасын
Бир күнү башканы каратасың
Ошондо жүрөгүмдү канатасың
Мейли тап, мейли жак, мейли тоготпо
Арыңа сак бол, катуу бол болоттой
Бул менин сен жөнүндө жаман уккум келбегени
А мен болсо сага жаман сөздү жолотпойм
Бактылуу бол, аман жүр, кош бол