Жай, күн чайыттай эшик саратан
Ысык-көлдү көздөй баратам
Эс алып чарчаганым таратам
Минип алып жоргомду 4 дөңгөлөктүү
Капчыгайынан боомдун өттүм
Балыкчынын шамалы жүздөн өптү
Көлгө жетип каккылайм көкүрөктү
Тосуп алды бизди кучак жайып
Тосуп алды бизди кучак жайып
Ысык-көл - кыргызымдын бермети
Керемет сенин жайкы кечиң
Ысык-көл сырларды терең катат
Койнуна баары кенен батат
Кош келгиле ысык-көлүм жакка
Турганда көлүмдөй жаратылыш
Мактанып айта алам бардыгына
Биз үчүн кем эмес мальдивыдан
Көлдө сүзүп кеткенче шайың
Достор менен эс алган каэф
Музыка коштолуп түнү менен
Ырахат эс алып жүрүү деген
Ысык-көл - кыргызымдын бермети
Керемет сенин жайкы кечиң
Ысык-көл сырларды терең катат
Койнуна баары кенен батат
Кош келгиле ысык-көлүм жакка