Сөздөрүм мага гана тиешелүү
Аңгемемди түшүнгөндөр түшүнөт
Боло берсин ар бир өткөн мүнөт
Көз ачып-жумганча жетилип чоңойдум
Керексиз адатымды кайрадан койбодум
Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн
Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн
Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн
Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн
Талашып, тартышып, адашып бир
Жарашып, ажырашып — баары бир
Сыртынан жалтырак, ичинен кир
Душманым — өзүм, душманым — тил
Ичимдеги дартымды эч кимге айтпадым
Тамашалап чын айтсам кээ бирине жакпады
Убадасын бергендер кайтпады
Таңдар атып кайрадан батты күн
Айтор башоту — баары мүмкүн
Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн
Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн
Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн
Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн