Шүмшүйүп калбаш үчүн акыры
Жүрөлү чындык үчүн бакырып
Ынтымак биримдике чакырып
Бирдейбиз баары бир байыда жакыры
Түтөгөн көк түтүн бүтпөгөн дүнүйө
Жүздөгөн окуя чырмаша түюлгөн
Жетемби үйүмө кепилдик бере албайм
Артынан сөз ташып жеткире албайм
Унааны мунайга, унааны мунайга
Алмашып күн айга тагдырың маңдайда
Тытынып тыгылып тытылып кеткендирбиз
Сыгылып сыр кылып сыртынан билгендирбиз
Кыркылып кыдырып кырылып кеткендирбиз
Күрөшүп жыгылып баркына жеткендирбиз
Акыйкат бир эле ичтери кир беле
Какшыктап тетири кашыктап тергениңди
Түшүнбөйт бирөөсү деги эле
Аллага биз муктаж, Аллага биз муктаж
Кеп саламбы же жеп саламбы
Деп саламбы же дем саламбы өз ишим
Шүмшүйүп калбаш үчүн акыры
Жүрөлү чындык үчүн бакырып
Ынтымак биримдике чакырып
Бирдейбиз баары бир байыда жакыры