Буттан жыгылсаң кайрадан тур
Жүзүңдөн тимеле себелейт нур
Бил өрмүр деген бул дүйнөдө бир
Жан дилиңе, жүрөгүңө жолотпо кир
Кыялдардын океаны өтө кенен ага дароо секирип кир
Кандай жагдай болсо да бийик маанай менен эч бир талбай
Бара-бара бара бергин тилегиңе
Кандай жагдай болсо да ойго батпай жарык жагын айдай
Кайгы, муңга берилгендин кереги эмне
Буттан жыгылсаң кайрадан тур
Жүзүңдөн тимеле себелейт нур
Болсун адамдар тегерегиңде
Чындап кубанган ийгилигиңе
Бирок абайла кээбирлеринен
Туздан себип салат сени жара болгон жериңе
Тигиде бары-тигиде жок деп деле ойлобогун
Ар кимдин өз берекеси кудайым буйруп когондой
А демек сенин жашооң бир гана сенин жомогуң
Жүрөгүң менен тадаган жолду жолдогун
Кандай жагдай болсо да бийик маанай менен эч бир талбай
Бара-бара бара бергин тилегиңе
Кандай жагдай болсо да ойго батпай жарык жагын айдай
Кайгы, муңга берилгендин кереги эмне
Буттан жыгылсаң кайрадан тур
Жүзүңдөн тимеле себелейт нур