Бир сага сезимим бар-бар-бар
Бир гана өзүңө зар-зар-зар
Сен жана мен — барабар түбөлүк махабат
Мына эми сага бат укмуш байландым
Жылдыздуу көздөрүңдү көрүп
Жетинчи асманга чейин мен жеттим
Көңүлүңдү сенин алыш үчүн
Берилип кыламын бүт аракетти
Кыялым токтобой кетти, таксамбы нике шакекти?
Мен үчүн башканын кереги жок эми
Сен менен болгондо, сүйүктүм
Тим эле керемет баарысы, себеби сен мени сүйгөндү үйрөттүң
Эритип муз болгон жүрөктү, ал жерден таап алдың түнөктү
Кусалыкка батып, сени ойлоп уктабай дагы түн бир өттү
Сүйүүгө мас болуп жалгызым сен дедим
Башымды айлантты супсулуу келбетиң
Аябай жактырдым мүнөздү сендеги
Сен мага болгондой жашоонун белеги
Мен үчүн башканын кереги жок эми