Сага байланган жолум ачылган асмандай!
Бекем кармаган колуң аткарылган армандай!
Ар бир сөзүң акыйкаттын өзү!
Жүрөгүмдөсүң, күндө гүлдөгөнсүп!
Ар күн сайын меники деп мактанайын!
Мен бакытымды тапкан айым!
Сен меники деп мактанайын!
Мен бакытымды тапкан айым!
Сага байланган жолум ачылган асмандай!
Бекем кармаган колуң аткарылган армандай!
Өмүр бою издеп жүрүп келип эми тапкан
Мага тийген күнүм болдуң нурун берип жаткан!
Эң биринчи адамым кадимкидей эле жаккан!
Сени сүйүп калдым дубалап алгандай!
Сүйбөсөм убалга калгандай!
Билем эгерде сага жетпесем
Ойлор адашып барып дубалга кадалмай!
Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным!
Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың
Жүрөгүмдүн жарымындай алтыным!
Күндөрүмдүн тарыхындай бардыгың
Сага байланган жолум ачылган асмандай!
Бекем кармаган колуң аткарылган армандай