LyricFind Logo
LyricFind Logo
Profile image icon
Lyric cover art

Жар салуу

Apple Music logo
Deezer logo
Spotify logo
Lyrics
Той башталып шаң менен
Жуптун көркү пар менен
Уулуңуздар келатат
Тандап алган жары менен
Сыйлуу конок кашыңда
Бүгүн берсин асыл баа
Ийилип койсун эки жаш
Сүйүнүп келген жакынга
Бабасы мыкты дедирген
Ак батасы төгүлгөн
Калкалаган ар дайым
Баркы тоодой көрүнгөн
Ата-журт үчүн бир салам
Жандап жүргөн тирегиң
Дайым айткан тилегин
Жашооң өйдө-төмөндө
Жардам берип сүйөөрүң
Тай журтуң үчүн бир салам
Кубанып келген тоюңа
Бекем кыскан бооруна
Күндө тилек кылышкан
Миң жыл жакын болууга
Кудалар үчүн бир салам
Көңүл толкуп деңиздей
Пейили жайнап жемиштей
Бакыт сунган бир өсүп
Бала кезден эгиздей
Досторуң үчүн бир салам
Ынтымактуу үй-бүлө деп
Айлангыла үлгүгө
Кылыгына баланын
Балкып өмүр сүргүлө
Бек кармашып колуңар
Куттуу болсун тоюңар
Кыргыз санын көбөйтүп
Ачык болсун жолуңар
Куттуу болсун тоюңар

WRITERS

SADYBAKASOV KUTMAN, KAMBARALIEV ZARLYK

PUBLISHERS

Lyrics © Unison Rights S.L., Iricom US Ltd

Share icon and text

Share


See A Problem With Something?

Lyrics

Other