Мен ардайым бир өзүңдү издеп жүргөм
Мени күткөн адам бар деген
Бир сени менен өтөт бул өмүрдүн убакыты
Жүрөгүм сени күтөт болосунбу сен бакытым
Болоюн мен биринчиң, болчу менин акыркым
Сенин жанында сезем тунук махабатты
Көрбөптүрмүн буга чейин бир өзүндөй аял затын
Бул менин сунушум жана аны сага узаттым
Мен азыр сүйүүгө жолугуп таптым өзүңдү
Сен дагы аны сез, беремин сага бакыт мен
Мени карай, бери карай келсен
Сага гана жүрөгүмдү берсем
Таптым бугун, жактын эртеси
Эчким менен бөлүшкүм келбейт
Башка жандын колу жетпесин
Сени менен өмүрүмдү сүргүм келет түбөлүк
Сезимдердин толкундары токтобостон Күүлөнүп
Кезигемби жан дүйнөмдү сактай турган жанга деп
Көп жыл бою жүргөнүмө ушул катым күбөлүк
Ишенемин сөздөрүңө үмүтүмдү үзбөдүм
Сага чейин жолукканга максаттарды түзбөдүм
Кургум келет өзүнөң менен кичинекей мамлекет
Башка ой жок сага таандык
Баардык талаптарды таптым жаным мага чак экенсин
Жанымда жүр сен, сүйүүмдү сез
Таптым бугун, жактын эртеси
Эчким менен бөлүшкүм келбейт
Башка жандын колу жетпесин