LyricFind Logo
LyricFind Logo
Profile image icon
Lyric cover art

Комузчу

Apple Music logo
Deezer logo
Spotify logo
Lyrics
Ой, комузчу, комузчу
Чертип койчу комузду
Элжиресин эт жүрөк
Бийик чыгар добушту
Мураталы чал тарткан
Сынган бугу, Камбаркан
Ушул сонун күүлөрдү
Уккан жандар таң калган
Ойго келбейт убайым
Оюнуңа тунайын
Токтогулдун Ботоюн
Чертип койчу, угайын
Жерде эмес, бийик көктөсүн
Жаныңан кыздар кетпесин
Козгоп-түзөп койдуң бейм
Жүрөгүмдүн тепкесин
Ниязалы сайраткан
Боз торгойдой айдаткан
Сары барпы күүнү черт
Тыңшасын булбул чарбактан
Ак куу канат каккандай
Дарыя жылып аккандай
Элестетем бир туруп
Жаштар бирге баскандай

WRITERS

MADANBEK UULU BEGALY, JOOSHEV ERNEST

PUBLISHERS

Lyrics © Unison Rights S.L.

Share icon and text

Share


See A Problem With Something?

Lyrics

Other