LyricFind Logo
LyricFind Logo
Profile image icon
Lyric cover art

Эсимде

Apple Music logo
Deezer logo
Spotify logo
Lyrics
Өзүң болдуң мен үчүн
Бул жашоонун өнөгү
Билбейм сен жок болсоң
Бул жашоого көнөмбү
Айтчы мага дагы
Бир жолу сени көрөмбү?
Асылым келчи кайрылып
Сен жок күндөр өтөбү?

Кайрылып келчи мага
Бир сени сагындым
Сезилип мен үчүн
Бул дүйнөнүн тардыгы
Экөөбүздү кошпогон
Бул жалган тагдырбы?
Келчи кайрадан мага
Мен сага жалындым

Өттүго күндөр сен
Экөөбүз жолукпаган
Өттүго күндөр сен
Экөөбүз унутпаган
Өзүңдү издеп жүрөм
Арасынан булуттардын
Мен сени сүйөм
Жалгызым сени аны унутпагын


Эсимде сени кучагыма
алып жүргөн күндөр
Эсимде сенин
Кучагыңда жүргөн түндөр
Ошол күндөр эми кайда? Кайда? Кайда?
Сен жок болсоң
Анда мага кандай пайда?
Жалгызым түшүнчү
Бул ыр сага гана
Сени таппай калдым
Мен эми арманда
Көрүнбөйсүң сен жанымда
Көрүнбөйсүң алыстан
Билем жүрөсүң азыр
Башканын кучагында

WRITERS

MADANBEK UULU BEGALY, KULTOGOROV ZHAN

PUBLISHERS

Lyrics © Unison Rights S.L., Iricom US Ltd

Share icon and text

Share


See A Problem With Something?

Lyrics

Other