Желбиресин асманга кызыл желегиң
Алакандай өлкөм менин,эгеменим
Кыргызстаным так ордосу берекенин
Баары билет бейиштей жер экенин
Кыргызда кыздын чачы улук
Дем берет курманжан датка
Бири жазуучу,бири сүрөтчү,бири күрөштүн чебери
Бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарсак ийгиликтин келери
Шек жок таанылабыз ааламга
Бизди билип жүр тааныбасаң
Биз айкөл манастын неберелери
Биз айкөл манастын неберелери