Шүгүр кылгын ден соолугуң барына
Шүгүр кылгын ар бир аткан таңыңа
Айла кетип, дарек таппай турганда
Ата-энеңдин бары өзү дары да
Шүгүр кылгын көзүң ачып, жумганда
Шүгүр кылгын болбос ишке кыйналба
Ыйманыңды ысык сактап ар убак
Адамдыктан чыгып кетип булганба
Күн бүркөлөт кайра чыгат бактыга
Өмүр деген өтсө келбес жаз тура
Жүрөгүңдү таза бойдон кармагын
Барчу жериң жараткандын асты да
Болбойт тура эч бир нерсе капилет
Бир алланын буйругуна баш ийет
Баары болот ойдогудай жашоодо
Качан кылсак чын дил менен каниет