Бүгүн бар, эртесинде жоксуң
Ар таңды акыркыдай тоскун
Беш күндүк жалган бул өмүрдө
Жаш кезде жанып турган отсуң
Жалбарып кармай алган жоксуң
Жарк этип жашоо бизден өтсө
Кээде кыш, кээде жаркын жайсың
Бир тарып, бир балкыган байсың
Тагдырдын татаал тар жолунда
Билгенге бакыт толгон ирмем
Билбеске кирип, чыккан бир дем
Өмүр бул белек жаратканым жиберген!