LyricFind Logo
LyricFind Logo
Profile image icon
Lyric cover art

Сагындым туулган жер сени

Apple Music logo
Deezer logo
Spotify logo
Lyrics
Убайым тартып алыстан
Унутуп бардык нерсени
Сары оору болуп ансызда
Сагындым туулган жер сени
Сары оору болуп ансызда
Сагындым туулган жер сени

Канатым болсо азыр мен
Калкылдап учуп жетсем дейм
Калдайган сары талааңда
Карлыгач болуп кетсем дейм
Калдайган сары талааңда
Карлыгач болуп кетсем дейм

Уктасам кирет түшүмө
Аргымак чапкан талаалар
Тыйылбай такыр кусалык
Тынчыбай койду санаалар
Тыйылбай такыр кусалык
Тынчыбай койду санаалар

Сары оору болуп ансызда
Сагындым туулган жер сени
Сагындым туулган жер сени

WRITERS

Биримкул Алыбаев, Рыспай Абдыкадыров

PUBLISHERS

Lyrics © Obon Music

Share icon and text

Share


See A Problem With Something?

Lyrics

Other