Сен экөөбүздө тең бар намыс
Кайгы-муңга чөгүп барабыз
Бүттүндөй дүйнөм аргасыз, булганды
Ооба, билем, ойлоруң таза
Бирок баскан изиң өзгөрүүдө
Эми мага күйгөн жансыңбы?
Бир кезде чалкыган дүйнөң
Көл болбой соолуп тартылды
Көзгө албай жүрүп эч кимди
Канча жыл жүрүп сүйүүмдү сездиңби?
Ооба, билем, ойлоруң таза
Бирок баскан изиң өзгөрүүдө
Ооба, билем, ойлоруң таза
Бирок баскан изиң өзгөрүүдө