Билемин сүйүүм сага түбөлүккө сакталат
Жашоонун жарык нуру бир өзүңө арналат
Сүйүүмдүн ачылбаган барактары өзүң менен го
Жазгы таңдан нур төктүң го
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай
Асманда толуп турган айдай
Түбөлүк жүрчү мени жандай
Жаныңда болуу бакыт кандай
Сен десем сезимимде канат байлап уча алам
Сезилет бир өзүңдөн жаралгандай бүт аалам
Гүлүмдүн жыпар чачып жаңы ачканы өзүң элең го
Жазгы таңдай нур төктүң го
Асманда толуп турган айдай
Түбөлүк жүрчү мени жандай
Жаныңда болуу - бакыт кандай